Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Орусияда президенттикке 8 талапкер ат салышат


Ксения Собчак - Орусиянын президенттигине талапкер болгон жалгыз аялзаты.
Ксения Собчак - Орусиянын президенттигине талапкер болгон жалгыз аялзаты.

Орусияда президенттик шайлоого сегиз талапкер катышмай болду. Тиешелүү тизмени Борбордук шайлоо комиссиясы 8-февралда жарыялады.

Акыркылардан болуп теле алып баруучу Ксения Собчак жана "Орусия коммунистери" партиясынын лидери Максим Сурайкин каттоодон өткөн.

Тизмеде учурдагы президент Владимир Путин, Либерал-демократтар партиясынан Владимир Жириновский, "Яблоко" партиясынан Григорий Явлинский, коммунисттерден Павел Грудинин, ишкерлик боюнча акыйкатчы Борис Титов жана улутчул саясатчы Сергей Бабурин бар.

Ал эми оппозициячыл Алексей Навальныйды БШК мурда ага козголгон кылмыш иштерине байланыштуу каттоодон баш тарткан. Ошондон соң Навальный алдыдагы шайлоону "Путинди кайра дайындоо" деп баалап, бойкоттоого чакырган.

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келатат. Анын ичинде 13 жыл президент болсо, төрт жыл өкмөт башында турган. Бул жолу жеңсе, ал өлкөнү 2024-жылга чейин башкарууга мүмкүнчүлүк алат.

XS
SM
MD
LG