Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасында жабылган жол ачылды


Саада айылында контейнерден курулган көпүрө.
Саада айылында контейнерден курулган көпүрө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлагандай, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап Сай жергесиндеги көпүрөнү ачып, кошумча тартылган тажик аскер кызматкерлери кайра кетишти.

"Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу" деп кошумчалады Чек ара кызматы.

Бүгүн түшкө маал Тажикстан “Кулунду” жана "Кайрагач” өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын, транспорттук каражаттардын жана жүктүн өтүшүн бир тараптуу токтоткон.

"Тажик тарап Сай айылындагы көпүрөнү жаап, ал жердеги чек арачыларын көбөйттү. Ага чейин Саада айылында көпүрө курулган. Аталган айылдын тургундары Саада каналы аркылуу өтүүчү бул көпүрөнү мектеп окуучуларынын ыңгайы үчүн орнотушкан. Жергиликтүү тургундар тажик чек арачылары кыргызстандык окуучулардын өтүшүнө жолтоо кылып жатканын айтууда", деп кабарлаган эле Чек ара кызматы буга чейин тараткан маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда Тажикстанга расмий иш сапары менен барган. Анда кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселелери да талкууланып, делимитация иши боюнча өкмөт аралык комиссиянын кызматташтыгын жандандырууга да токтолушкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG