Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Үн жазуучу аппаратка байланыштуу материалдар прокуратурага өткөрүлдү


Каныбек Иманалиев, Мелис Карыбеков жана Талантбек Исаев.
Каныбек Иманалиев, Мелис Карыбеков жана Талантбек Исаев.

Бишкекте генерал Талантбек Исаев, оппозициячыл депутат Каныбек Иманалиев жана ишкер Мелис Карыбеков жолуккан жерде табылган үн жазуучу аппаратка байланыштуу материалдар шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди:

- Иликтөө кызмат тобу келип, ошол жердеги официантты жана ага тиешелүү кишилерди, администраторду суракка алган. Ошол жердеги официант үн жаздыруучу каражатты коюп койгонун толук мойнуна алды. Ага чала тааныш жигит келип берген экен. Аны да "жакшы тааныбайм" деп атат. Ошол материалдардын баарын топтоп, Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүп бердик.

Окуя шаршембиде "Обама" кафесинде болгон. Исаев, Иманалиев жана Карыбеков түштөнүп отурган үстөлдүн алдынан үн жазуучу аппарат табылган.

Талантбек Исаев - азыр камакта отурган депутат Канатбек Исаевдин бир тууган агасы. Иниси кармалганда Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчылыгынан ыктыярдуу кетип калган. (МТо)

XS
SM
MD
LG