Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Абакта ачкачылык кармаган оппозициячылар Жогорку Кеңешке кайрылды


Камактагыларды колдоо акциясы. Бишкек, 5-февраль, 2018-жыл.
Камактагыларды колдоо акциясы. Бишкек, 5-февраль, 2018-жыл.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму тараткан кайрылууга камактагы саясатчылар ектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун жана Кубанычбек Кадыровдун колу коюлган. Анда “Белизгейт” боюнча далилдерди келтире албаса "2017-жылдын 1-августуна чейин УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" деген парламенттин тармактык комитетинин чечими аткарылбай жатканы айтылат.

Ошондой эле 5-февралда Жогорку Кеңешке ушундай эле негизде кайрылуу жиберилгени менен жоопсуз калганы белгиленген. Оппозициячылар эгерде 15-февралга чейин парламент тараптан жооп болбосо, витамин менен глюкозадан толук баш тартышарын эскертишкен. "Сегизбаев кызматтан кетсин жана соттор адилет чечим чыгарсын" деген талап менен Бектур Асановдун кургак ачкачылык кармаганына бүгүн 11 күн, Карыбековго – 10 күн, Кадыровго – тогуз күн болду.

Бишкек шаардык соту 7-февралда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жыл, Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жыл шарттуу кескен Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. (NT)

XS
SM
MD
LG