Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 03:42

Ош, Жалал-Абад шаарларынын айрым райондоруна эки күн газ берилбейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын Монуев, Масалиев, Асранкулов көчөлөрүндө жана Жалал-Абад шаарынын Могол, Фабричная көчөлөрүндө эки күнгө газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, 9-12-февралдарга белгиленген өчүрүү оңдоп- түзөө иштерине байланыштуу киргизилди. Мекеме жарандардан жагдайды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Өлкөдөгү айрым оппозициялык күчтөр “Кыргызгаздын” бир долларга сатылышын сындап жүрүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG