Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:05

Араванда жазгы талаа иштери башталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Тойчубек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, айыл-кыштактарда талаалар айдалып, суу арыктары чабылып бүттү. Дыйкандардын көбү картошка эге баштады. Капуста, түрп, шалгам жашылчаларын отургузуу да жанданды. Башка эгиндердин үрөндөрү камдалып, себүүгө даярдалып турат.

Араван районунун климаты жылуу болгондуктан, Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу бул жерге жаз жыл сайын эрте келет. Жылда дыйкандар 20-февралдарда талаа иштерин баштаса, быйыл жаз андан он күнгө эрте келди.

Араванда 7 миң гектарга жакын дыйканчылыкка ылайыктуу сугат жер бар. Андан дыйкандар жылына эки жолу түшүм алышат. Райондун тургундары былтыр 30 миң тонна дан эгиндерин, 24 тонна картошка, 40 тоннадан ашуун жашылча жемиштерди өндүргөн. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG