Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:39

Бишкек мэриясы жаңы 52 троллейбус сатып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы 52 троллейбус сатып алды. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин коллегиялык жыйынында борбор шаардын вице-мэри Ренат Макенов билдирди.

Анын айтымында, троллейбустар 2018-жылдын июнь айына чейин келип бүтөт.

Транспортторду тендерден уткан Орусиянын “Тролза Маркет” жана Беларустун “Белкоммунмаш” заводдору Кыргызстанга жеткирип беришет. Вице-мэр Ренат Макенов троллейбустар кайсы каражатка алынганын жана ар биринин баасын тактаган жок.

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, шаарда азыр 131 троллейбус бар. Коомдук транспорттун бул түрү тогуз каттамдык линияны тейлейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG