Кошмо Штаттар Сирия өкмөтү менен жаңжалдашууну каалабайт, бирок өзүн коргоого укуктуу. Мындай билдирүүнү АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү Дана Уайт бейшемби күнү кечинде Вашингтондо өткөргөн брифингде билдирди. Ал ошондой эле Вашингтон Улуттар Уюмунун Сирияда бир ай ок атышпоо мөөнөтүн жарыялоо тууралуу сунушун колдой тургандыгын айтты. Бул убакыт ичинде курчоодо калган аймактарга гуманитардык жардам жеткирилет.
8-февралда АКШ башында турган эл аралык коалициянын күчтөрү өлкөнүн чыгышындагы Дейр-эз-Зор провинциясында өкмөттүк күчтөргө каршы сокку урганы маалым болду. Вашингтон муну бир күн мурда “Сирия демократиялык күчтөрүнүн” кеңсесине коюлган чабуулга жооп катары сыпааттады.
Чабуулда Башар Асадды колдогон жүздөн ашуун аскер мүрт кеткен. Өкмөттүк күчтөрдүн курамында ар кыл эсептер боюнча 500дөй аскер бар. Сирия өкмөтү чабуулду “аскердик кылмыш” деп атады.