Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 15:13

Трамп менен Моди Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты


АКШ президенти Доналд Трамп менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди. Вашингтон, 26-июнь, 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Ак үй 8-февралда билдирди. Эки лидер аймактык бир нече теманы, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды жана Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын абалын талкуулашты.

Моди менен Трамп Ооганстандагы коопсуздуктун сакталышына кызыкчылыгы бар экенин билдиришти. Былтыр Вашингтон Индиянын коңшусу Пакистанга буга чейин берип келген жардамын азайткан.

Муну АКШ "Исламабад террорчуларга колдоо көрсөтүп жатат" деп негиздеп, аларга каршы күрөштү күчөтмөйүн тыйын бөлбөй турганын билдирген.

Ошол эле маалда АКШ администрациясы Индия менен аскердик-экономикалык алакаларды бекемдөөнү улантууда.

XS
SM
MD
LG