Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Жалал-Абадда 34 кишиге айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилгени аныкталды


Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Ноокен, Токтогул райондук жана Кара-Көл шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери 34 кишиге мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, кылган кылмыш үчүн сот 2015-жылы үч жылга кесип, үч жылга айдоочулук укуктан ажыраткан С.Т. аттуу жаранга 2017-жылы бул органдын Ноокен райондук бөлүмү мыйзамсыз түрдө айдоочулук күбөлүк берип койгон.

Мындан тышкары, Шамалды-Сай шаарчасындагы №108 кесиптик лицейдин жетекчилиги айдоочулукка үйрөтүү боюнча лицензиясы бүтүп калганына карабай, тиешелүү сабактарды албаган 33 адамга “окуудан өттү” деген күбөлүк берип салганы аныкталган. Аларга Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Ноокен, Токтогул райондук жана Кара-Көл шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери айдоочулук күбөлүк беришкен.

Факты боюнча департаменттин үч мекемесинин кызматкерлерине жана лицейдин жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти Мамлекеттик каттоо кызматына карайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG