Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Египет террорчуларга каршы ири операция баштады


Бир ал-Абд шаарчасындагы мечит. Египет, 24-ноябрь, 2017-жыл.
Бир ал-Абд шаарчасындагы мечит. Египет, 24-ноябрь, 2017-жыл.

Египеттин армиясы жана полициясы жума күнү террорчуларга каршы ири операция баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, полковник Тамер Рифаи билдирди. Операция негизинен Синай жарым аралында, Нил дарыясынын боюндагы аймактарда өткөрүлөт.

Бир жум мурун айрым басылмалар Египет террорчулукка каршы Израил менен жашыруун кызматташып жатканын жазышкан. Тамер Рифаи мындай маалыматтарды жокко чыгарды.

Египеттеги радикал уюмдар негизинен Синай жарым аралында утур-утур кол салуу уюштуруп келишет. Өкмөт алар менен далай жылдан бери күрөшүп келатат. Былтыр Синайдагы мечитте уюштурулган чабуулдан 300дөн ашуун киши набыт болгон. Калаба үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму өз мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG