Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:53

Журналист Али Ферузга Орусиядан чыгууга уруксат берилди


Али Феруз деген ат менен таанымал Худоберди Нурматов, 8-август, 2017-жыл.
Али Феруз деген ат менен таанымал Худоберди Нурматов, 8-август, 2017-жыл.

Москванын Басманный райондук соту "Новая газета" басылмасынын журналисти Али Ферузга үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүгө уруксат берди. 9-февралда өткөн процессте судья Елена Ланская журналист тиешелүү документтерди топтоп, өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу арыз менен тиешелүү органдарга кайрылышы зарыл экенин айтты. Феруздун адвокаты журналист кийинки аптада Германияга кетүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

2-февралда Москва шаардык соту Ферузду Орусиядан күчтөп чыгаруу процедурасын токтоткон. Соттун чечимине ылайык, ал башка өлкөгө чыгып кеткенге чейин азыркы кармалып турган жеринде - чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда болушу керек.

"Али Феруз" деген лакап ат менен таанымал Худоберди Нурматов Өзбекстандын жараны. Ал сегиз жыл мурда өз мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ташкентте журналистке "террорчул уюмдар менен кызматташкан" деген айып коюлган. Бир нече жылдан бери ал Орусияда иштеп, качкын макамын алууга документтерин тапшырып келген. Орусиянын Ички иштер министрлиги ага башпаанек берүүдөн баш тарткан.

Былтыр августта Али Феруз "миграциялык мыйзамдарды бузду" деген кине менен Москвада кармалган. Кийин Орусиянын доо арыздарды караган соту аны Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтоткон. Буга журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап жатканы түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG