Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

АКШнын вице-президенти Түндүк Кореяга басымды күчөтүүгө чакырды


АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон олимпиада учурунда катарлаш отурушту. Пхёнчхаң, 9-февраль, 2018-жыл
АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон олимпиада учурунда катарлаш отурушту. Пхёнчхаң, 9-февраль, 2018-жыл

АКШнын вице-президенти Майк Пенс эл аралык коомчулукту Түндүк Кореяга басымды күчөтүүгө чакырды. Пенс бул тууралуу Түштүк Кореядагы кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн келген учурда билдирди.

Вице-президент Пенс Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолуккан учурунда ири спорттук иш-чара Пхеньян менен сүйлөшүүнүн башталышы катары каралбашы керек деген пикирин билдирди.

Олимп оюндарынын ачылыш салтанатында Майк Пэнс менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон катарлаш отурду. Бирок эки тараптын сүйлөшүүгө ниети байкалган жок.

Пхёнчхаңдагы Олимп оюндарынын алдында Түштүк жана Түндүк Корея өз ара сүйлөшүүлөрдү баштаган. Пхеньян бул оюндарга өз спортчуларын, күйөрмандарын жана жогорку жетекчиликтен турган делегациясын жиберген. Олимпиаданын ачылыш аземинде Түндүк жана Түштүк Кореянын спортчулары стадионго бир желек астында киришти

Расмий Сеул сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарып, акыр-аягы коңшусун өзөктүк куралдан баш тартууга көндүрүүнү көздөп келет.

XS
SM
MD
LG