Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Казакстан Кыргызстанга жаңы элчисин дайындады


Казакстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Карим Кокрекбаев дайындалды. Бул тууралуу казак президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматта Казакстандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Айымдос Бозжигитов мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан бошотулганы жазылган.

Бозжигитовду бүгүн кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алганын президенттик аппараттан маалымдашты.

Карим Кокрекбаев быйыл январь айына чейин коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш Жамбыл облусунун акими болуп эмгектенип келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG