Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

“Кыргызстан дипломаттары” бирикмеси элчи Султандын билдирүүсүн сынга алды


Тышкы иштер министрлиги
Тышкы иштер министрлиги

“Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмеси Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын Тышкы иштер министрлиги боюнча айткан билдирүүсүн сынга алат.

Бул тууралуу аталган бирикменин төрагасы, Кыргызстандын Тажикстан жана Беларустагы мурдагы элчиси Эрик Асаналиев билдирди. Анын айтымында, Султандын билдирүүсү мамлекеттик кызматкердин жана дипломатиялык кызматкердин этикасына туура келбейт.

“Ар бир элчи Кыргызстандын ар бир жаранынын кызыкчылыгын коргоо, кызмат кылуу үчүн ошол мамлекетке жөнөтүлгөн. Ал өлкөнүн ар бир жараны төлөгөн салыктын эсебинен каржыланат. Ошого жараша мамлекеттик орган тапшырма берген соң аны аткарууга тийиш”, - деп билдирди Асаналиев.

Эрик Асаналиев мындай кырдаалдын жаралышында өкмөт жетекчилеринин да жоопкерчилиги бар экенин белгиледи. Анын айтымында, чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелерге атайын дипломаттар эмес, тармактан тыш адамдар дайындалып жатат.

Буга чейин Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлиги элчиликти бул өлкөгө жеке иштери менен барган кишилерди тосуп алууга мажбурлап жатканын айтып чыккан. Элчи министрлик мындай тапшырмаларды расмий жөнөтүп жатканы мыйзамга туура келбесин билдирген.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү бул боюнча кенен комментарий берүүдөн карманып, бирок Султандын дооматтарына “түшүнбөй жатканын" билдиришкен.

Министрликтин өкүлдөрү “Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары бардык кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүгө багытталган, андыктан муктаж жарандарды тосуп алышы да керек”, - деп белгилешкен. Бирок мындай тапшырма эмне үчүн расмий түрдө берилип жатканы жоопсуз калган.(BkA)

XS
SM
MD
LG