Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Абактагы саясатчыларга жубайлары менен жолугууга уруксат берилди


Абактагы саясатчыларды колдоо акциясы. 5-февраль, 2018-жыл
Абактагы саясатчыларды колдоо акциясы. 5-февраль, 2018-жыл

Абакта ачкачылык кармап жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асановго, Кубанычбек Кадыровго жана эксперт Эрнест Карыбековго жубайлары менен жолугушууга уруксат берилди.

Бул тууралуу Асановдун жубайы Алтын Эркебаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн алар №47 абакка кирип, ачкачылык кармап жаткандардын абалы менен таанышты.

Эркебаева жолдошунун абалы начарлаганын, өз алдынча басууга дарманы жетпей жатканын айтты.

“Абалы оор экен. Эки адам жөлөп-таяп келип, жолуктурду. Биз ачкачылыкты токтотуп, саламаттыгын ойлоого чакырдык. Бирок алар баш тартып жатышат”, - деди Эркебаева.

Былтыр Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.

Бул иш боюнча Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Өкүмдү 7-февралда Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Саясий негизде куугунтукка кабылганын айткан Асанов 12 күндөн бери, ал эми Кадыров жана Карыбеков 11 күндөн бери кургак ачкачылык кармап жатат.

Буга чейин Жазаларды аткаруу кызматы ачкачылык кармап жаткандардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирген.(BkA)

"Саясатчынын аялы болуу кыйын"
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:46 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG