Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Аксыда төрт адамды коюп кеткен айдоочу милиция кызматкери болгон


Аксы районунун Кербен шаарында төрт адамды коюп кеткен Ваз 2107 үлгүсүндөгү автонаанын айдоочусу райондук милициянын кызматкери болуп эмгектенет.

Бул тууралуу Жалал- Абад облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган айдоочу автоунааны башкара албай жол четинде бара жаткан төрт жүргүнчүнү коюп кеткен. Кырсыктан 30 жаштагы эки жүргүнчү мерт болгон. 35 жана 30 жаштагы эки адам оор абалда ооруканага жаткырылды.

Каза болгон жана жабыркагандар Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектептин мугалимдери болгон.

Кырсык боюнча Жалал-Абад облустук милициясы тергөө иштерин баштады. Айдоочу кармалды. ИИМдин Ички коопсуздук кызматы да тергөө жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG