Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:35

Орусия жана Эстония тыңчылык үчүн кесилген жарандарын алмашты


Орусия менен Эстониянын ортосундагы "Достук көпүрөсү". Нарва шаары, Эстония.

Тыңчылык үчүн соттолгон жарандарды алмашуу жараяны Койдула чек ара бекетинде өткөнүн Эстониянын коопсуздук полициясы 10-февралда кабарлады.

Орусия эстон жараны Райво Сусини өткөрүп берсе, орус жараны Артем Зинченко өз мекенине келди. Буга чейин аталган жарандар ырайым кылуу үчүн эки өлкө пррезиденттерине кайрылып, өтүнүчтөрү канааттандырылган эле.

Орусиянын Коопсуздук кызматы эстон жараны Сусини Тажикстандан Таллинге сапар тартып бараткан жеринен 2016-жылы Шереметьево аэропортунда кармаган. Маалыматтарга караганда, ал авиациялык бизнес менен катар курал-жарак саткан. Москва соту Сусини "тыңчылык кылат" деген кине менен былтыр 12 жылга кескен эле.

Ал эми беш жылдан бери Эстонияда жашап жүргөн орус жараны Артем Зинченко 2017-жылы кармалган. Ал Орусиянын Чалгын башкармалыгы менен кызматташып, Эстонияда тыңчылык кылган деп беш жылга соттолгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Зинченко Эстониянын аскер жана стратегиялык объекттери боюнча маалымат топтоп жүргөн.

XS
SM
MD
LG