Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Сапар Исаков Дубай полициясынын тажрыйбасын колдонууну көздөйт


Дубай, 10-февраль, 2018-жыл
Дубай, 10-февраль, 2018-жыл

Дубайга иш сапар менен барган премьер-министр Сапар Исаков бул шаардын полициясынын ишмердиги менен таанышты. “Акылдуу шаар” долбоорунун кантип ишке ашканы жөнүндө маалымат алды.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, премьер Исаков шаардагы жаңы технологиялардын колдонулушун көрүп, Кыргызстан мындай тажрыйбаларды үйрөнгүсү келерин билдирген.

"Бул долбоорду ишке ашыруу менен жол кырсыктардын жана кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү бир топ эле төмөндөйт деп күтүп жатабыз", - деп билдирген Сапар Исаков.

Өкмөт башчы Дубай шаарынын полициясынын өкүлдөрүн тажрыйба алмашуу жана кызматташууну талкуулоо үчүн Кыргызстанга чакырган.

Кыргыз премьер-министри Дубайдагы бир катар ишкерлер менен да жолукту. Маалыматка ылайык, Исаков Emaar Properties компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар жана Abu-Dhabi Islamic банкынын жетекчиси Хамис Бу Харун менен жолугушууларды өткөргөн.

Өкмөт башчы Кыргызстандагы бизнес үчүн түзүлүп жаткан шарттар жөнүндө маалымат берип, араб ишкерлерин инвестиция салууга чакырган.

Сапар Исаков Дубайга өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн барган. Сапар алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин ханзаадасы баш болгон жетекчилер менен жолугары кабарланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG