Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:21

Жүрөк-кан тамыр оорусунан каза тапкандар көбөйдү


Кыргызстанда 2017-жылы каза болгон адамдардын 51,9 пайызы жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыккан.

Бул тууралуу жума аягында өткөн Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктарды өлүмгө кириптер кылган дарттардын экинчи сабында залалдуу шишик (рак) турат. Ашказан, дем алуу органдарынын оорусуна кабылгандар да арбын.

Ал эми жолдон жана башка кырсыктардан ажал тапкандар 8,6 пайызды түзгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG