Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:08

Самаргүл Адамкулова Кувейттеги элчи болуп дайындалат


Акипресс агенттигинен алынган сүрөт
Акипресс агенттигинен алынган сүрөт

Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп Самаргүл Адамкулова дайындалары күтүлүүдө. Бул тууралуу парламенттеги булактар кабарлады.

Адамкулованын талапкерлигин буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети колдогон. Эми президент жакын арада тиешелүү буйрукка кол коеру күтүлүүдө.

Самаргүл Адамкулова буга чейин Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп эмгектенип келген.

49 жаштагы Адамкулова Ленинград мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү. Кесиби чыгыш таануучу, тарыхчы.

Кыргызстандын Кувейттеги мурдагы элчиси Жусупбек Шарипов буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилигине дайындалган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG