Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Иранда Ислам ыңкылабынын 39 жылдыгы белгиленип жатат


Иран
Иран

Иранда Ислам ыңкылабынын 39 жылдыгы белгиленип жатат. Быйылкы майрам бир нече апта мурда өлкөнүн бир катар аймактарында өкмөткө каршы демонстрациялар өткөн учурга туура келди.

Бул күнү Тегеран жана башка шаарларда жүз миңдеген кишилер өкмөттүк демонстрацияга катышат. Борбор калаадагы Эркиндик аянтында өлкө президенти Хасан Роухани сөз сүйлөйт.

1979-жылы 11-февралда аятолла Рухолла Хомейни баштаган демонстранттар Шах Реза Пехлевини тактыдан кулатып, ислам мамлекетин курарын жарыялаган. Андан бери өлкөнү исламчыл бийлик башкарып келе жатат.

Былтыр жыл аягында жана январь айынын башында Ирандын бир нече шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өткөн. Анда саясий талаптар да айтылган.

Президент Роухани акцияга чыккандардын талабын эске алуу зарыл экенин билдирген.

Ирандын экономикасы өзөктүк программасына байланыштуу Батыш киргизген санкциялардан кийин кыйынчылыктарга туш болгон.

2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты ири мамлекет – АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай кол койгон документте Тегеран өзөктүк тармактагы аракеттерин чектейт, бул үчүн Ислам жумуриятына каршы санкциялар жеңилдетилет деп айтылган.

XS
SM
MD
LG