Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Москванын чекесине кулаган учактын калдыктары табылды


Ан -148 үлгүсүндөгү учак
Ан -148 үлгүсүндөгү учак

Кырсыкка учураган “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык Ан -148 үлгүсүндөгү учактын калдыктары Москванын четиндеги Аргунова кыштагына жакын жерде табылды.

Аталган учак Москвадагы Домодедово аэропортунан Орск шаарына сапар алган. Учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

“Интерфакс” агенттиги өз булагына таянып жазгандай, учак асманда “Орусия Почтасы” ишканасынын тик учагы менен сүзүшүп, кулашы мүмкүн.

Учурда кырсык болгон жерде куткаруу кызматтары иштеп жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, кырсыктын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырганы кабарланды.

Ан-148 үлгүсүндөгү учак жети жыл мурда заводдон чыккан. Аны “Саратов аба жолдору” компаниясы лизингге алган.

XS
SM
MD
LG