Швециядан башпаанек сураган 39 жаштагы өзбекстандык жаран былтыр апрель айында Стокгольмдо адам өмүрүн алган террордук чабуул койгон деп айыпталууда. Анын соту 13-февралга белгиленди.
Рахмат Акилов жүк ташыган машине менен Швециянын баш калаасында эл көп жүргөн көчөдө бараткандарды тебелеткен. Чабуулдан беш киши каза тапкан.
Ага “терроризм жана терроризм аракети” деген айып тагылды. Сот өкүмү июнь айында чыгары белгилүү болду. Сот Акиловго мындай чабуул коюуга эмне түрткү бергенин териштирет. 20-февралда сотто айыпталуучуга сөз берилет.
"Азаттык" радиосунун тажик жана өзбек кызматтары, Швециянын ТТ маалымат агенттиги жүргүзгөн журналисттик иликтөөдө Акилов “Ислам мамлекети” экстремисттик тобундагы тажик согушкерлери менен чабуулга чейин, анын учурунда жана андан кийин байланышта болгону аныкталган.
“Ислам мамлекети” террордук тобу 7-апрелдеги чабуулду мойнуна алган эмес.
Швецияда тергөө абагында отурган Акилов күнөөсү далилденсе өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Курулушта иштеген өзбек жараны Стокгольмдогу чабуулдан бир нече саат өткөн соң кармалган. Кийинки күнү күнөөсүн мойнуна алганын швед полициясы билдирген.
Авокат Йохан Эриксон Акилов “террордук чабуул койгонун мойнуна аларын” жана “жазага тартылышы керек экенин”, өмүр бою эркинен ажыратылбаса, Швециядан чыгарыларын билерин айткан.
Улуту тажик Акилов Швецияга 2014-жылы саясий башпаанек сурап барган. 2016-жылы швед бийлиги анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Былтыр 16-декабрда Швециянын миграция кызматы өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө ага төрт жума берген. Акилов кайда экенин билгизбей жашынгандан кийин миграция кызматы анын ишин полицияга өткөргөн.