Орусиянын Оренбург облусунун жетекчилиги Москванын жанындагы авиакырсыктын курмандыктарын эскериш үчүн дүйшөмбүдө аза күтүү жарыялады. Орск шаарынын акимияты кырсыкта өлгөндөрдүн жакындарын Москвага жеткирүүгө убада берди. Алдын-ала жарыяланган маалыматка караганда, курман болгон 71 кишинин ичинде 17, 12 жана 5 жаштагы үч бала болгону белгилүү болду.
Орск шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кыйраган учакта Швейцариянын жараны да болгонун билдирди. Бул тууралуу орусиялык жергиликтүү гезиттер жазды.
Жекшембиде (11-февралда) Ан-148 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак Москванын «Домодедово» аэропортунан Орск шаарын көздөй учуп чыккандан кийин көп өтпөй кыйроого учурап, ичиндеги 71 киши мерт болду. Учак “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык болчу.