Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Орусияда учак кулап, 71 адам каза болду


Кулаган учактын калдыгы. Орусия. 11-февраль, 2018-жыл
Кулаган учактын калдыгы. Орусия. 11-февраль, 2018-жыл

Кырсыкка учураган “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык Ан -148 үлгүсүндөгү учактын калдыктары Москванын четиндеги Степановское кыштагына жакын жерде табылды.

Жадыбал боюнча 6W 703 каттамындагы учак Москвадан Орскини көздөй жергиликтүү убакыт боюнча саат 14тө учуп чыкмак. РИА-новости агенттиги өз булактарына таянып, учак абага көтөрүлгөндөн эки мүнөттөн кийин радардан жоголгонун жазды.

Ал эми жарандык авиациянын учактарына көз салган FlightRadar24 сайтынын картасында жергиликтүү убакыт боюнча 14:26да күтүлбөгөн жерден учак ылдый көздөй кеткен.

Күбөлөрдүн сөзүнө караганда, учак Москва облусунун Раменский жана Воскресенский райондорунун чегине кулап түшкөн.

«Саратов аба жолдору» компаниясы интернет сайтына «Учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү бар болчу. «Саратов аба жолдору» авиакомпаниясы Москва – Орск каттамындагы кырсыкта курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат» - деп жазды.

«Учак эмне болгонун азырынча так айта албайбыз. Комиссия ишке киришет, анын тыянактарын күтөбүз», - деди авиакомпаниянын башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Михаил Герасименко жергиликтүү басылмалардын бирине. Ал арада учактын «кара кутуларынын» бири табылганы маалымдалды.

Кырсыкка учураган авиажүргүнчүлөрдүн 60% Оренбургдун тургундары экенин облус губернатору Сергей Шермецинский ТАСС агенттигине билдирген.

“Интерфакс” агенттиги өз булагына таянып, "учак асманда “Орусия Почтасы” ишканасынын тик учагы менен сүзүшүп, кулашы мүмкүн" деп жазган. Бирок “Орусиянын почтасы” бул маалыматты четке какты.

Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

“Экипаж жана жүргүнчүлөрдүн аман калышы мүмкүн эмес”, - деп билдирген куткаруу кызматынын өкүлү маалымат агенттикке.

Учурда кырсык болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 150дөн ашуун кызматкери, 20дан ашык техника иштеп жатат. Алардын айтымында, учактын сыныктары бир нече чакырымга чейин чачырап кеткен.

Орусиянын транспорт министри Максим Соколов кырсык болгон жерден туруп, курман болгондордун сөөктөрүн аныктоо үчүн генетикалык экспертиза зарылдыгын билдирди. Буга чейин бир нече адамдын сөөгү табылганы кабарланган.

Москванын сыртында учак кулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

​Калың кардан улам куткаруучуларга учактын сыныктары түшкөн жерге жөө басууга туура келди. Ошондой эле дарыгерлердин жети бригадасы барганын Москва облустук бийлиги маалымдады.

Орусиянын президенти Владимир Путин каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, кырсыктын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырганын Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ан-148 учагы
Ан-148 учагы

Ан-148 үлгүсүндөгү учак жети жыл мурда заводдон чыккан. Аны “Саратов аба жолдору” компаниясы лизингге алган.

“Cаратов авиажолдору” компаниясы 1994-жылы уюшулган. 2017-жылы 750 миңдей жүргүнчү ташыган. Авиакомпаниянын Орусиянын ички каттамдарын тейлеген 13 учагы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG