Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Айыл чарба азыктарын экспорттоого арналган жыйын болот


Ош базарындагы эт сатылган павильон.
Ош базарындагы эт сатылган павильон.

Жыйында Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын Орусияга экспорттоо маселеси талкууланат.

Жыйынга Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана тамак-аш өндүрүшү министрлигинин жана орусиялык “Росагромаркетинг” тармагынын өкүлдөрү катышат.

Аталган министрлик маалымдагандай, азык-түлүктү «Росагромаркетинг» дүңүнөн бөлүштүрүп сатуу тармагы аркылуу экспорттоо маселеси каралууда.

Жыйын 12-февралда, Бишкектеги "Хаятт" мейманканасында болот.

Кыргызстан 2017-жылы 395 миң тонна эт өндүрсө, анын миң тоннага жакыны гана чет өлкөгө экспорттолгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG