Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Жарандык активист камактагылардын укугун коргоп пикетке чыгат


Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров.
Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигинен бир жумадан бери ачкачылык кармап отурушкан саясатчылардын саламаттыгы тууралуу ачык маалымат берүүнү талап кылмакчы:

- Саясий негиздер менен камалып, ачкачылык жарыялаган саясатчылар тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы "акыбалдары жакшы" дегенден башка маалымат бербей жатат. Мындан тышкары, камактагы Өмүрбек Текебаевдин баскан-турганын көрсөткөн видео көзөмөлдү алып салууну да талап кылам. Текебаев анчалык коркунучтуу террорчу же жанкечти эмес.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди" деген айып менен соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов 14, ал эми Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков 13 күндөн бери ачкачылык кармап жатышат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф “Азаттыкка” ачкачылык кармагандардын абалы канааттандырарлык экенин жана №47 абактын дарыгерлеринин көзөмөлүндө экенин 11-февралда маалымдаган.

Никсдорф буга чейин "Бектур Асановдун өз алдынча басууга дарманы жок" деген жакындарынын маалыматын төгүнгө чыгарды.

10-февралда абакта ачкачылык кармап жаткандар менен жубайлары жолуккан. Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева саясатчылардын абалы өтө оорлоп кеткенин “Азаттыкка” билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG