Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдирди:
- Орусиядагы элчилигибиздин алдын-ала кабарлаганы боюнча, 11-февралда Подмосковьеде кулаган учакта набыт болгондордун арасында биздин жарандар жок. Дагы толук маалымат берилет.
Жекшембиде Ан-148 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак Москванын «Домодедово» аэропортунан Орск шаарын көздөй учуп чыккандан көп өтпөй кулап, ичиндеги 71 киши каза болду. Учак “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык.
Маалыматтарга ылайык, учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.
Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык жарандар иштейт. (ZKo)