Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Таласта жол кырсыгынан бир киши каза таап, төртөө жараат алды


УКМКга таандык автоунаа катышкан кырсык. Бишкек. 16-ноябрь, 2017-жыл.
УКМКга таандык автоунаа катышкан кырсык. Бишкек. 16-ноябрь, 2017-жыл.

Жол кырсыгы Таластын Кара-Ой айылында 10-февралда болгон. "Ниссан-Сефиро" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен "Хонда-Степ" машинеси кагылышкан.

Кырсыктан "Ниссан-Сефиронун" айдоочусу каза болгон. Эки машинеден төрт киши жараат алып, Талас облустук ооруканасына жеткирилген.

Кыргызстан - жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы болгон. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.

Президент Сооронбай Жээнбеков жол кырсыктары үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга 25-январда кол койгон. (NT)

XS
SM
MD
LG