Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировдун бөгөт чарасын аныктап, аны 8-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы өткөн аптада ачыкка чыккан.
Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171 ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") боюнча кылмыш ишин козгоп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берген. (NT)