Кыргызстандын калкына маалында, сапаттуу тез жардам кызматын көрсөтүш үчүн автоунаалар тартыш.
Өлкөдөгү 300дөн ашуун тез жардам унаасынын жарымы жарактан чыккан.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
2014-жылы 87 жаңы машине милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каржылоосу менен алынган.
Кыргызстанда тез жардам кызматы бекер. Бирок акыркы мезгилде жеке менчик тез жардам кызматтары да ачылууда. (BCh)