Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Аксыда мугалимдерди сүзүп кеткен милиционер камакка алынды


Жол кырсыгы болгон жер. Аксы, Кербен шаары. 11-февраль, 2018-жыл.
Жол кырсыгы болгон жер. Аксы, Кербен шаары. 11-февраль, 2018-жыл.

Аксы районунун борбору Кербен шаарында машинеси менен мугалимдерди коюп кеткен милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, ал эки айга камакка алынды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, "ВАЗ -2107" үлгүсүндөгү автоунааны башкарган милиционер 11-февралда Кербенде жол четинде бара жаткан төрт кишини коюп кеткен.

Кырсыктан эки аял каза таап, дагы экөө оор абалда ооруканага жаткырылган. Алар райондогу №52 Мамай орто мектебинин мугалимдери экени аныкталган.

Ооруканадагы мугалимдердин биринин абалы оор экени жана реанимацияда жатканы кабарланды. Экинчиси буту сынып, Жалал-Абад облустук ооруканага жиберилген. (RsK)

XS
SM
MD
LG