Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

"Тазалыктын" машине коюп кеткен жумушчусунун үй-бүлөсүнө жардам берилет


"Тазалык" ишканасынын жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.
"Тазалык" ишканасынын жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте машине коюп кетип, каза тапкан "Тазалык" ишканасынын 60 жаштагы жумушчусунун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бирок мекеме бериле турган жардамдын өлчөмүн так айткан жок.

Бүгүн эртең мененки саат 8:00 чамасында Абдрахманов жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун четин шыпырып жүргөн жумушчуну "Хонда" үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кеткен. "Тез жардам" чакырылып, маркум ооруканага бараткан жолдон үзүлгөн.

Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу кармалып, тергөө жүрүп жатканын маалымдады. Мэрия каза болгон жумушчу айдоочуларга даана көрүнүүчү форма кийип жүргөнүн айтууда. Ал Нарын облусунун Миң-Куш айылынын тургуну экени, "Тазалыкта" 2016-жылдын сентябрынан бери иштеп келгени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG