Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Элчибек Жантаев Түп районунун акими болуп дайындалды

Түп району. Архивдик сүрөт.
Түп району. Архивдик сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Бул маалыматты Жантаев "Азаттыкка" ырастады.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков 9-февралда кол койгон.

Элчибек Жантаев 2014-жылдан бери Ак-Суу районунда акимдин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.(AsM)

XS
SM
MD
LG