Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:27

Синай жарым аралындагы операцияда 16 жоочу жок кылынды


Синай жарым аралындагы мечитке чабуул коюлган учур. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Синай жарым аралындагы мечитке чабуул коюлган учур. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Египеттин армиясы билдирди. Алардын маалыматына караганда, өлкөнүн Синай жарым аралында исламчыл жоочуларга каршы операция учурунда 16 согушкер жок кылынып, 30дан ашууну жарадар болду.

Египет армиясы жоочулардын курал кампалары, автоунаалары, апийим айдаган жайлары да талкаланганын билдирди.

9-февралда башталган операцияга армиянын жердеги, деңиздеги, абадагы күчтөрү бирдей тартылган.

Египеттин Синай жарым аралы Израил менен Палестин автономиясынын Газа сектору менен чектешет.

Жоочулардын бул аймактагы кыянатчыл аракеттери 2013-жылы армия исламчыл президент Мохаммед Мурсини бийликтен кулаткандан кийин күчөгөн.

Азыркы президент Абдел Фатах ал-Сиси армияга Синайдагы жоочуларды үч ай ичинде же ушул айдын аягына чейин жеңүүгө буйрук берген.

Президенттин былтыр ноябрда чыккан бул буйругунун алдында Синайдын түндүгүндө мечитке коюлган чабуулдан 311 кишинин өмүрү кыйылган.

Бийлик бул кол салууну “Ислам мамлекети” тобуна байланышкан экстремисттик уюмдан көргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG