Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:35

Мэттис: Түндүк жана Түштүк Кореянын мамилеси тууралуу бүтүм чыгарууга эрте


Ким Чен Ындын бир тууган карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен учурашууда. 9-февраль, 2018-жыл.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис мындай пикирин Европадагы сапарынын алдында билдирди.

Анын айтымында, Түндүк жана Түштүк Кореянын мамилесиндеги жылымтык Олимпиададан кийин да уланып, ал акыр аягында Корей жарым аралындагы тыгыз жакындашууга алып барарын айтууга азырынча “абдан эртелик кылат”.

Жим Мэттис ошондой элеТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү “Американын куурчагы” деп далай жолу атаган өлкө (Түштүк Корея) менен алака-катышын оңдоого аракеттенгендей түр көрсөткөнүнө карабастан, ошол эле учурда аскердик парад уюштуруп, баллистикалык ракеталарын даңазалаганы “таң калыштуу” экенине көңүл бурду.

Корей жарым аралында Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы жана баллистикалык ракеталарды утур-утур сыноосу менен байланышкан чыңалуудан кийин Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инди Пхеньянга сүйлөшүүлөр үчүн чакырды.

Эгер мындай жолугушуу ишке ашса, ал эки корей өлкөсүнүн лидерлеринин акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери алгачкы көзмө-көз кездешүүсү болот.

Түндүк Кореянын лидеринин бир тууган карындашы Ким Ё Чжон болсо Пхёнчхаң шаарындагы кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышты.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис кабарчылар менен болгон маегинде Түндүк Кореянын спорттук дипломатиясы АКШ менен Түштүк Кореянын узактан берки карым-катышына кандайдыр залака тийгизбей турганын да кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG