Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Кыргызстандын тигүү цехтери Париждеги көргөзмөгө катышууда


Тикмечи аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Тикмечи аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Франциянын башкалаасы Парижде 11-февралда башталган иш-чара "Apparel Sourcing Paris" деп аталат.

Кыргызстандагы тигүү цехтери ага USAID уюмунун "Бизнести өнүктүрүү" долбоорунун колдоосу менен быйыл экинчи жолу катышууда. USAID билдиргендей, былтыр сентябрь айында көргөзмөгө алгачкы жолу барган кыргызстандык ишкерлер европалык буюртмачылар менен келишим түзүүнүн, алардын талаптарын, шарттарын аткаруунун жол-жоболорун үйрөнүшкөн.

Бул жолу алар өндүрүштү эл аралык талаптарга ылайыкташтырууну өздөштүрүп, чет элдиктер менен келишим түзүү аракеттери көрүлүп жатканы кабарланды.

"Apparel Sourcing Paris" - Европа кийим базарындагы эң ири көргөзмөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG