Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

АКШ менен Түркиянын өкүлдөрү стратегиялык өнөктөштүктү ырасташты


Президенттер Режеп Тайып Эрдоган жана Дональд Трамп Ак үйдө жолуккан учур. 17-май, 2017-жыл.
Президенттер Режеп Тайып Эрдоган жана Дональд Трамп Ак үйдө жолуккан учур. 17-май, 2017-жыл.

Бул тууралуу Ак үй менен Анкаранын өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийинки билдирүүдө айтылды.

Билдирүүдө көргөзүлгөндөй, президент Доналд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер жана президент Режеп Тайып Эрдогандын атайын кеңешчиси Ибрагим Калын эки тараптуу карым-катышка таасирин тийгизген маселелерге кайрылып, терроризмдин баардык формаларына каршы биргелешкен күрөштү кеңейтүүнүн жолдорун карашкан.

Тараптар ошондой эле “узактан берки өнөктөштөр катары АКШ менен Түркиянын мамилеси, жалпы стратегиялык көйгөйлөр, аймактык өнүгүү маселелери боюнча пикир алмашкан”.

Бирок билдирүүдө НАТО боюнча өнөктөштөрдүн мамилесине ажырым салган маселе – АКШнын Сириядагы күрттөр баштаган күчтөрдү колдоп жатканы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

АКШнын каршылыгына карабай, Түркия өткөн айда Сириянын күрттөр көзөмөлдөгөн Африн аймагында Күрттөрдүн элдик коргонуу кошууну болгон YPGга каршы аскердик операциясын баштаган.

АКШ Сириядагы күрт кошуунун “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө колдосо, Түркия аны өз аймагында тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы – ПКК менен байланышы бар деп эсептейт.

Ал арада Түркияга АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон да келгени жатат. Ал Жакынкы Чыгыштагы иш сапарын 11-февралда Каирден баштады. (UE)

XS
SM
MD
LG