Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Туугандары энеси сабаган наристенин сөөгүн алгандан баш тартты


Чарчап калган бала ооруканада жаткан учуру.
Чарчап калган бала ооруканада жаткан учуру.

Денесине алган катуу жаракаттардан кийин чарчап калган 2 жаш 8 айлык наристенин энесинин туугандары баланын сөөгүн ооруканадан алып кетүүдөн баш тартты. Буга байланыштуу сөөктү жерге берүүнү бүгүн Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы уюштурду. Аталган мекеме билдиргендей, баланын апасынын туугандары кызы 2014-жылы үйүнөн кетип, өз алдынча күн көрүп жүргөнүн айтышкан. Баланын атасы ким экенин жакындары да билбейт экен.

4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жараат алып, эстен танган баланы энеси алып келген. Ал 2 жаш 8 айлык уулу “тепкичтен кулап кеткенин" айткан.

Догдурлар текшергенде наристенин денесинде көгала тактар болгон, ички органдары жабыркаганы жана мээсине кан уюп калганы аныкталган. Тергөө учурунда аял баласы "тил албай койгондуктан" депкир менен сабаганын мойнуна алган.

24 жаштагы келинге Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 11-февралда бала чарчап калган. Милиция "Бейбаштык" беренеси 97-беренеге («Киши өлтүрүүгө») өзгөртүлгөнүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG