Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Орусия: кыйраган учактагы сөөктөрдү издөө жумалап созулушу мүмкүн


Учак кыйраган аймактагы издөө иштери. 12-февраль, 2018-жыл.
Учак кыйраган аймактагы издөө иштери. 12-февраль, 2018-жыл.

Бул тууралуу Орусиянын расмий өкүлдөрү билдирди. Алардын айтымында, издөө иштерин кырсык болгон аймактагы катаал жер шарттары, анын ичинде кардын калыңдыгы да кыйынчылыкка учуратууда.

Ушул сааттарга карата АН-148 учагынын "кара кутучулары" табылганы боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар келип жатат.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ кечинде жана түндө эки жүргүнчүнүн сөөгү жана өлүктөрдүн 200дөй бөлүгү табылганын кабарлаган.

“Саратов аба жолдорунун” учагы кечээ Москванын Домодедово аэропортунан учуп чыккандан көп өтпөй эле кыйраган.

Бийлик өкүлдөрү учактын бортундагы 71 адамдын баары мүрт кеткенин билдирген.

Кырсыктын болжолдуу себептери катары аба ырайынын шарты, учкучтун катасы жана учактын техникалык абалы каралууда.

Орусиянын аймагында буга чейинки авиакырсык 2016-жылдын 25-декабрында болуп, анда Коргоо министрлигинин ТУ-134 учагы кыйраганда, 92 киши мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG