Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 05:29

Орусияда кыйраган учак “жерге кулагандан кийин гана жарылган”


Учак кыйраган аймактагы издөө иштери. 12-февраль, 2018-жыл.

Мындай билдирүүнү бүгүн Орусиянын Тергөө комитети таратты. Бул мекеменин маалыматына караганда, “кыйроо учурунда учактын бортунда эч кандай өрт чыкпаганы, ал жерге кулагандан кийин гана жарылганы аныкталды”.

Орусиядагы бийлик өкүлдөрү "жүргүнчү учактын кыйрашы - теракттын натыйжасы эмес" деген ишенимде экенин ишарат кылышууда. Алар кырсыктын болжолдуу себептерин азырынча жарыялай элек, бирок баардык жагдайлар, анын ичинде учактын техникалык абалы, учкучтардын тажрыйбасы да каралаарын билдирип жатышат.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо кечээ кечинде жана түндө эки жүргүнчүнүн сөөгү жана өлүктөрдүн 200дөй бөлүгү табылганын кабарлаган.

Орусиядагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, издөө иштерине кырсык болгон аймактын катаал жер шарттары, анын ичинде кардын калыңдыгы да жолтоо болуп жатат.

“Саратов аба жолдорунун” учагы кечээ Москванын Домодедово аэропортунан учуп чыккандан көп өтпөй эле кулап түшкөн. Бийлик учактын бортундагы 71 адамдын баары мерт болгонун билдирген.

Орусиянын аймагында буга чейинки авиакырсык 2016-жылдын 25-декабрында болуп, анда Коргоо министрлигинин ТУ-134 учагы кыйраганда 92 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG