Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

Киевде Михаил Саакашвили кармалды


Михаил Саакашвили. Архивдик сүрөт
Михаил Саакашвили. Архивдик сүрөт

Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” деген оппозициячыл бирикменин лидери Михаил Саакашвили Киевде бүгүн кармалды. Бул тууралуу анын кызматташтарынын бири Давид Сакварелидзе билдирди. Анын айтымында, Саакашвилини ресторандан беткапчан адамдар кармап, кичи автобус менен белгисиз тарапка алып кетишкен.

Грузиянын экс-президентин, Одесса облусунун мурдагы губернаторун кимдер кармаганы азырынча белгисиз.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Киевдеги кабарчысына Украинанын Коопсуздук кызматынын, Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү саясатчынын кармалышына алардын тиешеси жоктугун билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG