12-февралда Киевде кармалып, Польшага депортацияланган оппозициялык «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидери Михаил Саакашвили Варшавага барды.
УНИАН агенттиги өз булактарына таянуу менен саясатчы "депортация болбогонун, келген жерине гана кайра жөнөтүлгөнүн" жазды.
Саакашвилини дүйшөмбү күнү ресторанда отурган жеринен беткапчан адамдар кармап, кичи автобус менен алып кеткени кабарланган.
Азырынча саясатчыны ким кармап кеткени белгисиз. Украинанын Коопсуздук кызматы окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. "Свобода" радиосунун Киевдеги кабарчысы өз булактарына таянуу менен Михаил Саакашвили Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан кармалганын айтууда.
Саашвилинин кармалгандыгы тууралуу «Украинская правда» гезитине «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидерлеринин бири Юрий Деревянко билдирген. Анын айтымында, белгисиз адамдар саясатчыны Киевдеги «Сулугуни» ресторанынан кармап кетишкен. Басылманын маалыматы боюнча, Саакашвилини кармаган адамдар «Мамлекеттик чек ара кызматы» деген жазуусу бар кийимчен болушкан.
Өткөн жылы Украинанын президенти Петро Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан. Буга мурдагы грузин президенти ага карата Грузияда кылмыш иши козголгондугу тууралуу кабарлабагандыгы себеп болгону маалымдалган. Саакашвили качкын макамын сурап өлкөнүн миграция кызматына кайрылган. Киев саясатчыны Украин жарандыгынан ажыратылгандан кийин кошумча коргоого муктаж адам деп табуудан баш тарткан.
Быйыл январда Тбилиси соту Саакашвилини Грузиянын президенти болуп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан.