Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Ачкачылык кармагандардын жакындары Жогорку Кеңештен жооп күтүүдө


Бишкектеги №47 түрмөдө ачкачылык кармап отурган саясатчылардын туугандары алардын жагдайына Жогорку Кеңеш көңүл бурбай жатат деп тынчсызданышууда.

"Кургак ачкачылыкты" эки апта мурда баштаган Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаеванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, депутаттарга жолдонгон ачык кат жоопсуз турат:

-Ошондуктан, эртең (14-февралда) парламенттин жанына чыгып, депутаттарга кайрылабыз. Акцияга ачкачылык кармагандардын жакындары жана аларды колдогондор катышат.

"Саясий туткундарды коргоо комитетинин" мүчөсү Таалай Мадамаминов да бул маалыматты бышыктап, Жогорку Кеңешке кайрылуу өткөн аптада берилгенин айтты.

"УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тарта "кургак ачкачылык" кармай баштаган. Алар "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп 2016- жылы камалышкан. Сот Асанов менен Карыбековду 12, Кадыровду 20 жылга кескен.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлер көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирди. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн тарта суу иче баштаган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков "Азаттыкка" курган маегинде парламент алардын жагдайына көңүл бурушу керектигин белгилеген.

Депутаттардын жалпы жыйыны 14-февралда болот. (SE)

XS
SM
MD
LG