Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Караколдо наристенин өлүмүнө пневмония себеп болгону божомолдонууда


Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жашар баланын чарчап калганына пневмония себеп болгон деген божомол бар. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыга элек. Бул факт бизде катталган. Териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кечээ облустук ооруканада баланын сөөгү текшерилди.

Дарыгерлердин алдын ала божомолу боюнча ал пневмония оорусунан каза болгон. Алар наристенин өпкөсүнө суу толуп, анан ал өөдө жакка берип, кулагынын түбү көгөрүп калган деген божомолду айтышууда. Бул азырынча жоромол гана. Бизге расмий түрдө бериле элек. Баланын эмнеден чарчаганы тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин окуяга укуктук баа берилет.

9-февралда Каракол шаарындагы №14 “Сейтек” бала бакчасында тарбияланып жаткан эки жаштагы Арслан Айтбосунов ооруканага жеткирилип, ошол жерден чарчап калган. Анын энеси баласынын буга чейин эч кандай оорусу жок болгонун, ошол күнү да атасы менен бала бакчага кеткенин айтып жатат. Баласы каралбай, "бирөөдөн сокку жеген же катуу жыгылышы мүмкүн" деп шек саноодо.

Ал эми бала бакча жетекчилиги бала уруп-сабоого кабылды деп айтылгандарды четке какты. Чарчап калган наристенин ата-энеси Каракол шаардык милициясына арыз жазган, азырынча кылмыш иши козголо элек. Милиция соттук-медициналык экспертизанын расмий тыянагынан кийин кылмыш иш козгоо же козгобоо маселеси чечилерин маалымдады. (NT)

XS
SM
MD
LG