Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Ачкачылык жарыялагандар элге кайрылышты


Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров.
Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров.

Бишкектеги №47 абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчы - Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков - элге кайрылышты. Алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев "Азаттыкка" алып келген эки бет кайрылуу 12-февралда жазылып, үчөөнүн колу коюлган.

Кайрылууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) күнөөсүз кишилерге кыйноонун аёосуз түрлөрүн колдонору, буга жетиштүү далилдер бар экени белгиленет. Анда түрмөдөгү кишилердин 70 пайызга жакыны күнөөсүз камалганы, кыйноонун курмандыгы болуп, темир тор артында отурушканы жазылат.

Кайрылуунун соңунда түрмөгө күнөөсүз түштүм деген жарандар жана адвокаттары президент Сооронбай Жээнбековдун атына жана Коопсуздук кеңешине ачык кат жиберүүнү сунуш кылышат.

Бул боюнча УКМК азырынча комментарий берген жок.

"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Эрнест Карыбеков 31-январдан, Кубанычбек Кадыров 1-февралдан тартып "кургак ачкачылык" кармай башташкан. Алар "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп 2016-жылы камалышкан. Сот Асанов менен Карыбековду 12, Кадыровду 20 жылга кескен.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлер көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирди. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн баштап дарыгерлердин сунушу менен суу иче баштаган.

Алар ачкачылык кармагандан бери дарыгерлердин көзөмөлүндө. (SE)

XS
SM
MD
LG