Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Асылбек уулу Дамирбек: Салимбай "байбача" менен спорт аркылуу таанышпыз


Салим Абдувалиев.
Салим Абдувалиев.

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамирбек белгилүү өзбек олигархы Салимбай "байбача" менен чогуу түшкөн сүрөттөр тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ал “байбача” менен спорт аркылуу тааныш экенин ырастады. Ал эми Интернетте тараган сүрөттөр 2014-жылы Ташкенттеги спорттук иш-чарада тартылганын белгиледи:

- 2014-жылы Ташкентте дүйнөлүк чемпионат өткөн. Ошондо түшкөн сүрөт. 27-февралда бизде Азиянын биринчилиги болот. Анда да Өзбекстандан, Казакстандан командалар келет. Мен өзүм күрөш боюнча федерациянын вице-президентимин. Анан ошол сүрөттү тигил видеого кошуп чыгарып коюшуптур. Ал жакка жалгыз эле мен барган жокмун, 200 мамлекеттен өкүлдөр барган. Ошол мамлекеттердин Күрөш федерацияларынын жетекчилеринин баары болгон. Өзбекстан баарын тоскон. Бизге келгенде биз да аларды тособуз. Федерациянын президенттери, спорт министрлери келет. Мен бул сүрөт каяктан келгенине өзүм таң калып жатам. Салимбай Абдувалиев спортко күйгөн киши. Спорт аркылуу эле таанышпыз. Биздин спортчулар мелдештерге барат. Федерациялар аркылуу биргелешкен иштерди өткөрөбүз.

12-февралда Интернетте белгилүү өзбек олигархы Салимбай "байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" деп мактаган кишилер тартылган видео тарап, катуу талкууга алынып жатат. Бир мүнөткө жетпеген видеодо өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки адам орус тилинде Салимбай "байбача" кыргыз эли менен чогуу экенине сыймыктанышарын жана ал киши Кыргызстандын "тиреги" экенин айткан, президент Сооронбай Жээнбековду колдорун билдиришкен. Өзбекстандык олигарх эки өлкөнүн достугу бекемделе беришин каалаган.

Интернеттеги талкууларда алардын бири Ошто таасири күчтүү мурдагы аткаминер, экинчиси Жогорку Кеңештин экс-депутаты экени айтылууда.

Видео качан тартылганы белгисиз. Президенттик аппарат да видеодо айтылган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго байланыштуу сөздөр боюнча үн ката элек. Көп өтпөй Интернетте Салимбай "байбача" менен кыргызстандык бир катар адамдар кошо түшкөн сүрөттөр да жарыяланды. Аларда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шаршенбек Абдыкеримов, Нургазы Айдаров, “Кыргызстан” фракциясынан депутаттар Асылбек Дамирбек уулу, Салайдин Айдаров тартылган.

“Салимбай байбача” катары таанылган Салим Абдувалиев Борбор Азияда таасирдүү крим төбөл катары белгилүү. Буга чейин Орусиядагы шайлоого кийлигишкени тууралуу да маалыматтар чыккан. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG