Молдовада улуттук телеканалдарда Орусияда даярдалган жаңылыктарды жана маалымат-аналитикалык программаларды көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.
Мыйзамдын сакталышын өлкөнүн Телевидение жана радио боюнча координациялдык кеңеши көзөмөлдөйт.
12-февралдан тартып буга чейин Орусияда даярдалган жаңылыктарды көрсөтүп келген каналдардын көрсөтүүлөрү ирээтке келтирилип, жаңыланат.
Конституциялык соттун чечими менен ыйгарым укуктары убактылуу токтотулуп, иштен четтетилген орусиячыл президент Игорь Додон бул мыйзамга кол коюудан баш тарткан. Анын ордуна мыйзамга парламенттин спикери Андриан Канду кол койгон.
Жаңы мыйзамга ылайык, Чек аралаш теле көрсөтүү боюнча Европа конвенциясын кабыл албаган мамлекеттерде чыгарылган маалымат-аналитикалык, аскердик же саясий көрсөтүүлөрдүн Молдовада чагылдырылышына тыюу салынат. Мындай мамлекеттердин катарына Орусия да кирет. Ошол эле учурда Орусияда даярдалган көңүл ачуу багытындагы программалага эч кандай чектөө киргизилбейт. Ал эми мыйзамды бузган каналдар лицензиясынан ажыратылары эскертилди.
Орусиянын Федерациялар кеңеши Кишиневдун мындай аракетин «бузуку жана туура эмес» кадам катары баалады.