Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери айдап бараткан автоунаа сүзүп каза болгон мугалимдердин жакындары ички иштер органдарына нааразы.
Маркум Гүлазим Сармырзаеванын тууганы Рахманберди Ашырбердиев “Азаттыкка” кандуу окуяны милиция терең иликтебей, жаап-жашырууга аракеттенип жатканын билдирди.
Ашырбердиев кырсыкка күнөөлүү милиция кызматкери мас абалда жана жогорку ылдамдык менен баратып жол четиндеги мугалимдерди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенин маалымдады. Анын айтымында, милиция өз кызматкерин калкалап, кырсыкка "жол тайгалак болгон" деген себеп келтирүүдө.
- Кербенде кар жок, жолдор таза. Облустук ички иштер башкармалыгынан келген тергөөчүлөр күбөлөрдөн жалган көрсөтмөлөрдү алып, айдоочунун мастыгын жашырып жатышат, - деди Ашырбердиев.
"ВАЗ -2107" үлгүсүндөгү автоунааны башкарган милиционер 10-февралда Кербенде жол четинде бара жаткан төрт кишини коюп кеткен. Кырсыктан эки аял каза таап, дагы экөө оор абалда ооруканага жаткырылган. Алар райондогу №52 Мамай орто мектебинин мугалимдери экени аныкталган. Ооруканадагы мугалимдердин биринин абалы оор экени жана реанимацияда жатканы кабарланды. Экинчиси буту сынып, медициналык жардам алган соң үйүнө чыгарылган. Мугалимдерди коюп кеткен милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, ал эки айга камакка алынган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы текшерүү учурунда айдоочу соо болгонун билдирген. (RsK/NT)